Жаңгарач Эшкожо уулу - (1801- же 1802, Чүй өрөөнү, Жыламыш өңүрү – 1864, Талас өрөөнү, сөөгү Жыламышка коюлган) – солто уруусунан чыккан чоң манап; Чүйдүн батыш бөлүгүн жана Талас өрөөнүн бийлеген. Жаңгарач менен Байтик баатыр ага-ининин балдары. 1848-ж. казак султаны Кенесары Касым уулу Чүйгө кол салганда, адегенде Жантай, кийин Ормон хан менен бирдикте анын мизин кайтарып, колун талкалоого катышкан. Ал Кенесарынын кол салуусунун натыйжасында адегенде орус падышалыгына букаралыкка өтүү ниетин билдирип, бирок кийин алар жүргүзгөн баскынчылык саясатка нааразы болуп, 1862–64-ж. Кокон хандыгындагы бийлик кыргыз, кыпчак бектеринин (Алымбек, Алымкул) колуна өткөндө, аларды колдоого ниет кылган. 1864-ж. жазында М. Г. Черняев Чүй өрөөнүнөн кокон аскерлерин сүрүп киргенде, Жаңгарач аргасыздан Талас өрөөнүнө конуш которгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1