Жаңыбан"Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Карагулдун кол алдындагы жылкычылардын башчысы. Коңурбай жакында келе турган душман сезилбейт, Семетей келип калбасын, жакшылап кароол чалгыла деп, Алгараны жылкыга кошуп кеткенден кийин, Карагул Ж-ды чакырып алып, семиз сексен жылкы кармап союп, "чагаандын тоюн" тойлогула деп буюрган учурда эскерилет ( Саякбай Каралаев, "Семетей", 2. 170).

2. Жаңыбан — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Көкөтөйдүн жылкычысы. Ашта Жолой Ж-дын укуругун шиш кылып, казандагы этти сайып жейт (Сагымбай Орозбаков, 3. 121 — 124).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4