Жаңычылдык (латынча novator – жаңыртуучу) – көркөм искусстводо – сүрөтчүнүн коомдук турмуштагы жаңы прогрессивдүү кубулуштарды бекемдөөчү жаңы идеяларды жана образдарды өз чыгармаларында чагылдыруусу. Адатта жаңы мазмун өз аркасынан көркөм чагылдыруунун жаңы каражаттарын алып келет (к. стиль, жанр), чеберчилик ыкмаларын өзгөртөт. Курчап турган чындыкты туура сүрөттөө жөндөмүн жоготкон идеясыз, начарлаган буржуазиялык көркөм искусстводо Ж. абстракттуу формалар чөйрөсүндө «жаңыны» табууга аракеттенген, бузук изденүүлөргө алып келет жана бул ачык формализмге өтөт. Чыныгы Ж. турмуш менен органикалык байланышта болот. Сов. сүрөтчүлөрдүн Ж-ы деп алардын өз чыгармаларында дүйнөлүк көркөм маданияттын мыкты жетишкендиктерин жана орус реалисттик көркөм искусство өзгөчөлүктөрүн сын көз караш менен айкалыштыра пайдалануусу эсептелинет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү