Жаңы-Арт мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал тоо тизмегинин Түндүк капталынан агып түшкөн Жаңы-Арт суусунун төрүнөн орун алган. узундугу 11,3 км, аянты 15,3 км2. Дээрлик меридиан багытында жатып, аяк бөлүгү гана түндүк-чыгышка имерилет. Эки жеринде муз кескин эңкейиштеп, тепкич сымал жаракаларды пайда кылат. Мөңгү жогору жагынан туташ фирн талаасы ээлеген тоо капталдары менен курчалган. Капталдарынан кар көчкү жүрүп турат. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Этегинин бийиктиги 15–20 м келген морена догосу менен курчалган. Мөңгүдөн Жаңы-Арт суусу башталып, Ак-Шыйракка оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү