Жаңы-Арык (Алай району)
Жаңы-Арык — Ош облусунун Алай районундагы кыштак. Жаңы-Алай айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 1560 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 135 км. Ош темир жол бекетинен 42 км. Калкы 1036 (2007); негизинен мал чарбасы менен алектенет. Орто мектеп, мончо, ФАП бар.[1]
Отурукташкан жай
Жаңы-Арык
|
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.