Жаңы-Жер, суусу
Жаңы-Жер - Ак-Суу районунун аймагындагы суу, Сары-Жаздын сол куймасы. Какшаал кырка тоосунун түндүк-батыш жана Май-Баш кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталдарынан агып түшөт. Узундугу 27 км, алабынын аянты 172 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3700м. Суу куралуу облусуна кирет. Май-Баш ашуусундагы мөңгүдөн башталып, колот аркылуу агып, Сары-Жаз дарыясына жайылып куят. 5 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 2–3 м3/сек, эң көбү июнь–июлда, эң азы январь–февралда байкалат.
Жаңы-Жер
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 27 км |
бассейндин аянты | 172 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Ысык-Көл облусу |
Район | Ак-Суу району |
Колдонулган адабият
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2