Жаңы-жер – уланАт-Башы өрөөнүнүн чыгышындагы табигый кооз жер. Жаңы-Жер жана Улан сууларынын алабын ээлейт. Түндүгүнөн Нарын, түштүгүнөн Жаңы-Жер тоолору менен чектешет. Эки суунун кошулган жери деңиз деңгээлинен 2837 м бийикте жайгашкан. Ат-Башы суусунун сол жээгиндеги шиберлүү жайык тектир Көк-Жайык деп аталат. Анын суу нугунан салыш-тырмалуу бийиктиги 30–40 м. Узундугу Көгөндү-Кыяга чейин 12 км, туурасы 1 км. Эки суу айрыгы Эки-Бала көлү аталып, ага дөбөлүү, чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Негизинен палеозойдун тоо тектеринен жана неогендин кызгылт түстүү чополорунан түзүлгөн суунун оң өйүзү Ойнок-Жар аталып, шиберлүү, суу бойлой өскөн карагай, арчалуу токою өзгөчө кооз ландшафтты түзөт. Жаңы-Жер тоосунун батыш капталынын рельефи татаал эмес; суу бөлгүчүндөгү байыркы түздүктөрдүн калдыгы тектирден 1000 м өйдө жатат. Бул аймактын маңдайында Нарын тоосунан түшкөн Уландын тепши сымал кенен өрөөнү өзгөчө кооз. Андан жогору (22 км), 3400 м бийиктикке байыркы мөңгүнүн рельефи мүнөздүү. Уландын сол куймасы – Байбиче суусунун өрөөнүнүн башындагы Байбиче ашуусу аркылуу Нарын өрөөнүнө өтүүгө болот. Эки суу айрыгынан төмөн (3 км), Көлтөр өрөөнүндө (деңиз деңгээлинен 3077 м бийикте) кооз бөгөт көлү жайгашкан, анын узундугу 1,5 км, туурасы 300 м келет. Жаңы-Жер өрөөнү менен жогору өрдөгөндө (21 км), ага Дүңгүрөмө суусу кошулат. Бул өрөөнгө көчкүдөн пайда болгон дөбө-чуңкурлуу рельеф мүнөздүү. Чуңкурлары саздак келет. Жаңы-Жер тоосунда бир нече ашуу бар: Улар-Таш (3875 м би­йикте), Ак-Байтал (3752 м), Кең-Суу (4025 м), Орто-Кашка-Суу (4042 м), Кашка-Суу (3970 м), Арчалы (3932 м). Ашуулар Жаңы-жер – уланды Ак-Сай өрөөнү менен байланыштырат. Климаты кескин континенттик, жайы салкын (июлдун орточо температурасы 10–15ᵒС), кышы суук (январдыкы –15... –20ᵒСдей). Тоолуу шалбаа, талаалуу субальп жана альп топурагы басым­дуу. Жаңы-Жер өрөөнүнүн тескей бетинде суу боюна чейин карагай, арча, төө куйрук, шилби, четин, тал өсөт. Бийик беттерге субальп, альп шалбаа өсүмдүктөрү, Улан өрөөнүнө сейрек жапалак арча, түркүн чөптүү жапыз өскөн шалбаа мүнөздүү. Өрөөндү Нарын, Ат-Башы райондорунун малы жайлайт. Автомобиль жолу барат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1