Жеймс Макэвой (англ. James McAvoy;/ mækəvɔɪ /; 1979-жылдын 21-апрелинде туулган) - шотландиялык актер. Ал өзүнүн актерлук жолун өспүрүм кезинде 1995-жылы “Жакынкы бөлмө” (англ. The Near Room) аттуу телевизиондук тасмада катышуудан баштаган. Актер телевизиондук тасмаларда 2003-жылга чейин ойноп келген, ошол эле жылы анын көркөм фильмдеги биринчи тушоосу кесилген. Ошондой болсо дагы ал эки жанрда тең ойноону уланткан. Анын эң эсте калаарлык ролдору “Оюндун жүрүшү” (англ. State of Play)теледрамасына, “Уятсыз” (англ. Shameless) деген чоңдор үчүн тартылган комедиялык драмага, Франк Герберттин “Дюндун балдары” (англ. Children of Dune) сериалына таандык.

Ал теледрамалардан тышкары "West End" театрынын пьесаларында ойноп “Эң мыкты актер” номинациясында Лоуренс Оливье атындагы театр сыйлыгына үч жолу талапкер болгон. Актер 2011-жылы тартылган “Гномео и Джульетта” (англ. Gnomeo & Juliet) "Аяз Атанын атайын кызматы” (англ. Arthur Christmas) анимациялык тасмаларында үн коштогон.

2003-жылы “Болливуд канышасы” (англ. Bollywood Queen) деген британиялык фильмде ойногон. Актер “Арстан, жез кемпир жана шкаф” (англ. The Chronicles of Narnia: The Lion, the Witch and the Wardrobe, 2005) тасмасында экинчи планда Тумнус мырзанын ролун аткарган. 2006-жылы режиссер Кевин Макдоналд тарткан “Шотландиянын акыркы падышасы” (англ. The Last King of Scotland, 2006) тасмасындагы ролу үчүн Жеймс Макавойго бир нече сыйлыктар ыйгарылган. Көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган “Күнөөлөрдөн арылуу”(англ. Atonement, 2007) мелодрамасы үчүн актер “Алтын глобус” сыйлыгына жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына экинчи жолу татыктуу болгон. “Издөөдө” (англ. Wanted, 2008). деген триллерде актриса Анжелина Жоли (Angelina Jolie) менен бирге канкор адамдын ролун ойногон.

Ж. Макэвой “Белгисиз адамдар: Биринчи класс” (англ. X-Men: First Class) тасмасында жаш профессор Чарльз Хавиердин ролу, “Белгисиз адамдар: өткөн келечектин адамдары” (англ. X-Men: Days of Future Past, 2014) жана “Белгисиз адамдар: Кыямат” (англ. X-Men: Apocalypse, 2016) аттуу тасмалардагы ролдору менен кеңири таанылган. Актер “Ыплас” (англ. Filth) тасмасы үчүн Британия эркин кино сыйлыгынын “Эң мыкты актер” номинациясына татыктуу болгон. 2016-жылы актер денесинде 23 инсандын мүнөзүн алып жүргөн Кевиндин ролун M. Night Shyamalan тарткан “Жаруу” (англ. Split) тасмасынде ийнине жеткирип аткаргандыгы үчүн мактоолорго арзыган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү