Жекече коргонуу каражаттары

Кызматкердин жекече коргонуу каражаттары — кызматкердин дем алуу, угуу, көрүү органдарын жана терисин жагымсыз факторлордун таасиринен жекече коргоого арналган каражаттар.

Жекече коргонуу каражаттары

Зыяндуу жана кооптуу өндүрүш факторлору – булар таасири ооруга, ишке жөндөмдүүлүктүн начарлашына, жаракатка, ден-соолуктун кескин начарлашына алып келүүчү факторлор.

Кызматкердин коопсуз шартта иштөө укугу Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамында жазылган. Ага ылайык, ар бир кызматкер жумуш берүүчүнүн эсебинен жекече жана жамааттык коргонуу каражаттары менен камсыз болууга укуктуу.

Кызматкерлерди жекече коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу = түзөтүү

Зыяндуу жана кооптуу эмгек шарттарында, ошондой эле өзгөчө температуралык режимде же булганууга байланыштуу шарттарда аткарылуучу жумуштарда иштеген кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте бекитилген ченемдерге ылайык бекитилген жекече коргонуу каражаттары, жууп-тазалоочу жана зыянсыздандыруучу каражаттар берилет.

Кызматкерлердин жекече коргонуу каражаттарын сатып алуу, сактоо, жууп-тазалоо, оңдоо, дезинфекциялоо жана зыянсыздандыруу иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

Эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген шарттарда кызматкерлердин эмгекке болгон укуктук кепилдиктери түзөтүү

Мамлекет эмгекти коргоо талаптарына ылайык келген жана өндүрүштүк санитария шарттарында кызматкерлердин эмгекке болгон укугун коргоого кепилдик берет.

Эмгек келишиминде каралган эмгек шарттары эмгекти коргоо боюнча ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Эмгекти коргоо талаптарынын бузулушуна кызматкер күнөөлүү болбосо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан иш токтотулган убакытка анын иш орду (кызматы) жана орточо эмгек акысы сакталат.

Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болуудан улам, ал жумуш аткаруудан баш тартса, бул коркунуч четтетилгенге чейин иш берүүчү кызматкерге башка иш берүүгө милдеттүү. Эгерде объективдүү себептер боюнча башка иш берүү мүмкүн болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык, кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна болгон коркунуч четтетилгенге чейинки токтоп туруу убактысына иш берүүчү тарабынан акы төлөнүп берилет.

Кызматкер жекече же жамааттык коргонуу каражаттары (ченемдерге ылайык) менен камсыз болбогон учурда, иш берүүчү кызматкерден эмгек милдеттерин аткарууну талап кылууга укуксуз жана ушул себептерге байланыштуу иш токтоп калган убакыт үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык акы төлөп берүүгө милдеттүү.

Кызматкер эмгекти коргоо талаптарынын бузулушунун, болбосо эмгек келишиминде каралбаган эмгек шарттары оор жана зыяндуу же кооптуу иштерди аткаруунун кесепетинен анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч пайда болгон учурда ишти аткаруудан баш тартса, бул учурда ал дисциплинардык жоопкерчиликке тартылбайт же иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишими бузулбайт.

Эмгек милдеттерин аткаруу мезгилинде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келген учурда, келтирилген зыяндын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын эмгекти коргоо мыйзамдарынын бузулушун алдын-алуу жана четтетүү максатында мамлекет эмгекти коргоо талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жагын уюштурууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана көрсөтүлгөн талаптарды бузгандык үчүн иш берүүчү менен кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилейт.

ЖКК түрлөрү түзөтүү

  • механикалык факторлордон жекече коргонуу каражаттары
  • химиялык факторлордон жекече коргонуу каражаттары
  • радиациялык факторлордон жекече коргонуу каражаттары (тышкы иондоштуруучу нурлануулар жана радиоактивдүү заттар)
  • жогорку жана (же) төмөнкү температуралардагы жекече коргонуу каражаттары
  • электр жааларынын термиттик тобокелдиктеринен, иондошпогон нурлануудан, электр тогунун уруусунан, ошондой эле статикалык электр кубатынын таасиринен жекече коргонуу каражаттары
  • даана көрүнүүчү атайын сигнал кийим
  • жекече коргонуу каражаттар комплекси
  • дерматологиялык жекече коргонуу каражаттары

ЖККга талаптар түзөтүү

ЕврАзЭБнын «Жеке коргонуу каражаттарына карата талаптар» техникалык регламентинде (TR 200_ / 00_ / ЕврАЗЭБ) төмөнкүлөр камтылган:

  • базарда баарлашуу эрежелери;
  • коопсуздук талаптары;
  • шайкештикти ырастоо жол-жоболору;

Жеке коргонуу каражаттарынын санитардык-гигиеналык, санитардык-химиялык, токсикологиялык жана гигиеналык көрсөткүчтөрүнүн ЕврАзЭБ техникалык регламентинин талаптарына шайкештигин мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) ЕврАзЭБга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат[1].

Стандарттардын өзүн Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун интернет-дүкөнүнөн сатып алсаңыз болот.

COVID-19 таажы вирус инфекциясы дүрт мезгилде саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жекече коргонуу каражаттары түзөтүү

2020-жылы 3-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы таажы вирус инфекциясынын жана башка жугуштуу инфекциялардын айынан суроо-талап өсүп жаткан шартта, шашылыш сатып алуулардын, жекече коргонуу каражаттарынын (ЖКК) ашыкча бир жерде камдалышынын жана мындай буюмдарды туура эмес пайдалануунун натыйжасында дүйнөлүк рынокто алар жетишсиз болуп бараткандыгы бейтаптардын өмүрүнө коркунуч жаратары тууралуу эскертти.

Жекече коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге өзүнө жана бейтаптарга илдет жугузуп албашы жана башкаларга жугузуудан сактануусу үчүн зарыл.

Бирок мээлей, медициналык бет кап, респиратор, көз айнек, бет калкан, халат жана фартук сыяктуу буюмдар толук камсыз болбогон шартта дарыгерлер, медайымдар жана башка баштапкы медициналык жардам кызматкерлери өмүрүн тобокелге салып, COVID-19 менен ооруган бейтаптарга тийиштүү жардам көрсөтө алышпайт.

«Аталган каражат менен өз убагында камсыз болбогондук дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн реалдуу коркунуч туудурат. Өнөр жай жана өкмөттөр убакытты текке кетирбей, экспорттук чектөөлөрдү жеңилдетип, алып-сатарлыкка жол бербей, өнүмдөрдү негизсиз камдоолорду ооздуктоо чараларын көрүшү абзел. Медицина кызматкерлеринин сактабасак, COVID-19ту токтото албайбыз», – деп билдирди ДСУнун башкы деректири д-р Тедрос Адханом Гебрейесус.

Көчмө бригадалардын иши боюнча стандарттуу операциялык жол-жоболордун топтомунда төмөнкү жекече коргонуу каражаттары көрсөтүлгөн:

  • респиратор FFP2 /FFP3/N95
  • үч каттуу хирургиялык беткаптар
  • коргоочу костюмдун 3-4 түрү, халат
  • бир жолу колдонулуучу медициналык мээлейлер
  • коргоочу көз айнек же калканча, бахилалар / суу өтүк

Стандарттык операция жол-жоболору. Оору жугуу коркунучу бар кесел менен байланышкан адамдын үйүнө биринчи жана көзөмөлдөөчү ирет барганда (карантиндин 12-күнү) үйгө барар алдында сөзсүз ЖКК кийилет жана үйдөн көчөгө чыгар замат дароо чечилип салынат.

  • ЖККны машинеде кийүүгө жана чечүүгө, ошондой эле аны менен машинеге отурууга жана айдоого тыюу салынат.
  • Бригада мүчөлөрү (айдоочудан тышкары, ал беткап жана мээлей киет) төмөнкү ЖККларды колдонушат:
  • тумак/топу
  • бир жолу кийилүүчү халат,
  • респиратор,
  • коргоочу көз айнек/калканча,
  • мээлей

Стандарттык операция жол-жоболорунун топтомунда «ЖКК кийүү» жол-жобосу сыпатталган. Объектиге барардан мурда, көчмө бригаданын мүчөлөрү (айдоочудан башкасы) жекече коргонуу каражаттарын төмөнкү эрежелерди жана ырааттуулукту сактоо менен кийинишет:

  1. Чачыңызды баарын баш кийимдин астына кыстарып, тумагыңызды / топуӊузду кийиңиз.
  2. Бир жолу колдонулуучу халатты кийиңиз.
  3. Колуңузду колдун антисептиги менен тазалаңыз.
  4. Мээлейди кийиңиз, мээлейлер халаттын жеңин жаап тургандыгын текшериңиз.
  5. Респираторду жазыңыз (N95 же FFP3 же FFP2), бир алаканыңызга коюп, чөйчөк формасында ачыңыз. Экинчи колуңуз менен алгач астыңкы созмосун тартып, баштан өткөрүп, желкеден төмөн тартыңыз.

Бир эле учурда респиратор чөйчөгүнүн түбүн ээкке, ал эми жогору жагын мурун кайкысына кийгизип, үстүңкү созмону баштан өйдө тартып, аны желкеге/төбөгө бекемдеңиз. Беткапты эки колуңуз менен мурундун кайкысына, бетиңизге басып, беткаптын кыналып турушун камсыз кылыңыз.

6. Респираторду эки колуңуз менен кылдаттык менен жаап (баспаңыз же кыспаңыз) жылчыксыз кыналып тургандыгын текшериңиз (Фит-тест менен чаташтырбоо керек):

  • эгер тосмосуз респиратор колдонулса, кескин дем чыгарыңыз;
  • эгер тосмолуу респиратор колдонулса, кескин дем алыңыз;
  • эгер мурдуңуздун тегерегинен жел чыкса, мурун пластинкасын жөндөп, кайрадан текшериӊиз;
  • эгер аба капталдардан чыкса, созмолорду жөнгө салып, тестти кайталаңыз.

7. Эгерде сиз диоптриялуу көз айнек тагынсаңыз, N95/FFP3/FFP2 респираторлорун кийерден мурун, көз айнегиңизди чечип салыңыз жана респиратордун жылчыксыз кыналгандыгын текшерип, кайра кийиңиз.

8. Респиратордун үстүнөн коргоочу көз айнек/калканча тагыныңыз, созмонун жардамында кыналуусун туууралаӊыз.

Дагы караӊыз: түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/1293
  2. http://docs.cntd.ru/document/1200083994
  3. http://standarts.nism.gov.kg/
  4. https://zdrav.kg/archives/1411(жеткиликсиз шилтеме)
  5. https://www.who.int/ru/news/item/03-03-2020-shortage-of-personal-protective-equipment-endangering-health-workers-worldwide