Алымкан Жекшенова - Эмгек ардагери, Эл агартуунун отличниги Сары-Өзөн Чүйдүн Панфилов районундагы Тельман айылынын кызы. Уруусу- солто, уругу-казак. Алымкан эже жарык дүйнөгө келген жылы айтылуу Токтогулдун "Алымкан" деген ыры эл арасында кеңири ырдалып турган учур болот. Кыздуу болуп толкуп-ташкан ата-эне ырдын каарманынын урматынан Алымкан деген ысымды ымыркайга ыйгарышат. Ал адегенде айылдык мектептен, кийин он жылдыкты Бишкек шаа¬рындагы №5 кыргыз орто мектебинен бүтүргөн. 1966-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер институтунун чет тилдер факультетине тапшырып, аны 1971-жылы бүтүрдү. Эмгек чыйырын Суусамыр орто мектебинде мугалимдик кесипте ишт менен баштады. 1982-1998-жылдары Асыл-Баш айылындагы Биримкул орто мектебинде немис тилинен сабак берди. Кийин ушул мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы болуп турганда мектептин мугалимдерине методикалык жактан көмөк көрсөтүп, билим очогунун кадырын арттырды. Натыйжада башталгыч класстар "Гимназия класстары" деген статус алышып, мугалимдери да Сокулук районундагы эң мыкты мугалим дер дин катарында турушкан. Райондук, областтык агартуу бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Кандай иш-чара болбосун анын башында туруп, ийгилик жаратчу. Коомдук иштерге жигердүү катышып, эл оозуна алынды.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Инсандар таржымалы. Бишкек 2007-ж.