Желаргы (байбиче соору) граносиенит кени

Желаргы (байбиче соору) граносиенит кени Чүй облусунун Кемин районунда, Желаргы темир жол бекетинен 2,5 км түндүк-батышта жайгашкан. 1959–60 жана 1983–84-ж. геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен пермь мезгилинде пайда болгон граносиениттен түзүлүп, Чүй суусунун сол жээгин бойлоп созулган Байбиче соорусунун ири массивин түзөт. Граносиениттин арасында порфириттердин дайкасы (3–5%) жана кварц-турмалиндин сейрек майда тарамчалары кездешет. Гранит-сиениттердин физикалык-механикалык касиеттери: кургак абалда баскандагы бекемдик чеги 212,7 МПа, сууга каныккан абалдагысы – 195,8 МПа, жумшаруу коэффициенти 0,97, тыгыздыгы 2,73 г/см3, жалпы тыгыздыгы 2,69 г/см3, көзө­нөктүүлүгү 1,34%, суу сиңирүүсү 0,14%. Граносиенит оор бетонго шагыл катары пайдаланууга жарамдуу. Бекитилген запасы – А+В+С1 категориясы боюнча 18076,6 миң м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1