Бул — ээр токумдун бир бөлүгү. Тердиктин үстүнө коюлат. Ал — ээрдин эки каптаргасына кынала өлчөнүп жасалган кош кийиз. Муну чеберлер эки-үч каттай катуу шырып жасайт. Анын кайыштан кошогу болот. Бышык болушу үчүн мунун сыртына көбүнчө булгаары капташат. Көчмөңдүү турмушта кыз-келиндер токулуучу желдиктин бурчтарын жылдызчалап чегелеп, ээрдин астынан жалтылдап көрүнүп тургандай кылып койгон. Ал «музтердик» деп аталат. Муну айрым жерлерде «ээрдин жаазы» дейт. Анын оң жагы ээрдин оң актасына, сол жагы ээрдин сол актасына кынаптала түшө турган белгилери болот.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)