Желин - мал жана айбандардын сүт бези. Желин малдын жана айбандардын түрүнө жараша ар кыл формада болот.

Кепшөөчүлөр менен бээнин Желини чаткаягында жайгашат. Уйдун Желини жумшак, сейрек жүнү бар, тери менен капталган.

Желин териси кепшек келип, жанаша ткань менен биригип, ордунан жылып турат. Уйдун Желини 4 эмчектен-алдыңкы эки жана арткы эки бөлүктөн турат. Жаныбар туурдун алдында Желин бат чоңоёт да, бооз кезинде альвеола, нерв, кан тамырларынын саны көбөйөт.

Желин өсүшүнө жыныс гормону таасир этет. 1 кг сүт үчүн Желин аркылуу 500 л кан өтөт. Инек тууруна 2 ай калганда желиндейт. Кой, эчки, бээнин желини 2 бөлүктөн жана 2 эмчектен (үрпүнөн) турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.