Жел-Арык базальт кени Чүй облусунун Кемин районунда, Жел-Арык кыштагынан 4 км түндүк-батышта, деңиз деңгээлинен 1550 м бийиктикте. 1962-ж. табылган. Узундугу 300 жана 80 м, калыңдыгы 45 жана 4 м болгон базальтуу порфириттердин эки дайкасы палеоген тоотек катмарынын арасында жатат. Химиялык-технологиялык сыноонун негизинде порфириттерден минералдык кебезди алууга мүмкүн экендиги аныкталган. Болжол запасы 0,5 млн м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү