Жел уран кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Тескей Ала-Тоонун түндүк жагында, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Кажысай кыштагынын жанында, деңиз деңгээлинен 1760–1860 м бийиктикте. 1946-ж. табылган. 1946–48-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен казылып алынып бүткөн. Кен аймагы триас жана юра мезгилдеринин терригендик чөкмө катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу көмүрлүү юранын жел свитасы менен байланышкан. Жел свитасы боз түстөгү чопонун, көмүр кабаттарынын, алевролиттердин жана кумдуктардын кат-кат болгон катмарынан турат. Бул свитанын чопо жана көмүр катмарларында урандын минералдары кездешет. Урандын минералдары негизинен көмүр кабаттарынын жогорку бөлүгү менен байланышкан. Көмүрдөгү урандын өлчөмү миңден бир проценттен ондон бир процентке чейин өзгөрүп, кез-кезде 2–3% түзөт. Айрым учурда урандын өлчөмү 45%ке чейин жетет. Негизги уран минералдары: шрекингерит, уран көөсү, уранинит, урандын гуматтары, карноитит жана руда минералдары: пирит, марказит, ярозит, лимонит, молибденит. Урандын рудадагы өлчөмү 0,066% жана болжол ресурсу 649,25 т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү