Женева макулдашуулары (1954)

Женева макулдашуулары (1954) Инди-Кытайдагы согуштук аракеттерди токтотуу жана Корея маселесин тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча 1954-ж. 26-апрелден 21-июлга чейин Женевада СССР, КЭР, Улуу Британия, АКШ жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде кабыл алынган. Инди-Кытай жөнүндөгү маселени талкуулоого, ошондой эле КЭР, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Камбожа, Лаос жана Түштүк Вьетнам мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Женева макулдашуулары Франциянын Вьетнам, Лаос жана Камбожага каршы 1945-жылдын сентябрынан жүргүзүп келаткан согушун токтотту. Инди-Кытай өлкөлөрүнүн көз карандысыздыгын, биримдигин, толук эркиндигин урматтоо, ички иштерине кийлигишпөө принциптеринин негизинде үч өлкөнүн ар биринде жалпы шайлоо өткөрүү каралган, бул мамлекеттердин аймагына чет өлкөлүк согуш базаларын курууга, алардын согуш блокторуна катышуусуна тыюу салуу белгиленген. Бул иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөөгө Индия, Польша жана Канада мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн эл аралык комиссия түзүлгөн. Инди-Кытайда согуш токтотулгандан кийин Камбожа (1955) менен Лаосто (1958) шайлоолор болгон; бирок 1956-жылдын июлуна белгиленген жалпы шайлоонун негизинде Вьетнамды бириктирүү иши АКШ колдогон Түштүк Вьетнамдын каршылыгынан улам жүзөгө ашпай калган. 1964–65-ж. Инди-Кытайда башталган АКШнын согуштук аракеттери Ж. менен одоно түрдө бузган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1