Жергез суусуАк-Суу районундагы суу, Ысык-Көлдүн алабында. Тескей Ала-Тоонун түндүк-батыш капталынан башталат. Узундугу 30 км, алабынын аянты 187 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3260 м. Алабында 8 майда көл бар. Мөңгүдөн башталып, ортоңку бөлүгү карагайлуу кокту аркылуу агып, өрөөнгө чыгат. 10 куймасы бар.

Жергез суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 30 км
бассейндин аянты 187 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу
Район Ак-Суу району

Жылдык орточо чыгымы 2 м3/сек, эң көбү май–июнда, эң азы январь–февралда байкалат. Өрөөнү жайыт. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Чоң-Жергез, Жергез жана башка кыштактар жайгашкан.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: 2004 ISBN 9967-14-006-2