Жергес көмүр кенчеси Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Каракол шаарынан 32 км түштүк-чыгышта, Бозучук жана Каракол сууларынын аралыгында. 1946–47-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүрлүү юра катмарында 3 кабатча ажыратылган, алардын калыңдыгы 0,02–0,40 мди түзөт. Кенченин кабаттары жука жана өтө күлдүү болгондуктан (күлдүүлүгү 45,2–52,4%), ошондуктан өнөр жайлык мааниге ээ эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү