Жердеги шакекти тиштеп алмай

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, бөлмөдө өткөрүлөт.

Оюнда шакек колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Жердеги таза кагазга же тактайга шакек коюлгандан кийин катышуучулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким өз кезеги келгенде эки колун артка кылып эңкейишиң жердеги шакекти тиштеп алууга аракеттенишет. Оюн, каалаган убакытка чейин уланат. Тең салмагын жоготпой шакекти жерден бат тиштеп алган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, тең салмагын жоготкондон кийин, аракетин кайрадан кезексиз улантууга болбойт. Педагогикалык мааниси. Ийилчектикке тарбияланат, тең салмакты сактоого, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү