Жердин кебетеси, Жердин фигурасы - Жердин чыныгы (реалдуу) бетине жакындаштырылган шарттуу көрүнүшү (турпаты).

Жер массасы бардык жерде бирдей таралбагандыгына байланыштуу, анын бети эч бир геометрикалык формага окшобогон өтө татаал түспөлгө ээ. Ошондуктан Жердин кебетеси болуп геоид эсептелет.

Бирок геодезия, картография ж. б-дын көптөгөн илимий жана практикалык маселелерин чечүүдө Жердин кебетеси катары жер эллипсоиди жана жер сфероиди алынат.

Кийинки кезде жердин жасалма спутниктери менен космонавттардын байкоолорунан Жердин кебетеси «алмурут» сыяктуу формада экендиги белгиленген. Мындай форманы кардиоид деп атоо сунуш кылынган (Г. Н. Каттерфелд, 1962).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.