Башбаракты ачуу

Жер атмосферасы – Жерди курчап турган газ абалындагы чөйрө.

Ж.а-нын курамы: азот –78,1%, кычкылтек –21%, аргон – 0,9%тин түзүшөт, андан башка дагы курамына көмүркычкыл газы, суутек, аргон, гелий ж. б. газдар кирет. Ж. а. 20 кмден төмөнкү катмарында суу буусу, чаң, түтүн ж. б. аэрозолдордун катуу жана суюк бөлүкчөлөрү болот. 20–25 км бийиктикте озон катмары жайланышкан. Жердин бетинен бийиктеген сайын абанын басымы жана тыгыздыгы азаят. Ж. а-нан жогору жагы шарттуу түрдө стратосфера, мезосфера, термосфера ж. б. катмарларга бөлүнүшөт.

Жер атмосферасында Күн нуру жана Жердеги нурлар чачырашат, жутулушат. Жер о. эле өзү жылуулук нурларынын булагы болуп эсептелет.

Жер бети менен атмосферанын ортосунда үзгүлтүксүз энергия жана нымдуулук алмашуу болуп турат. Жер атмосферасы үзгүлтүксүз кыймылда болуп, климатты жана аба ырайынын өзгөрүшүн камсыз кылат.

Колдонулган адабияттарОңдоо