Жер атмосферасынын айлануусу

Жер атмосферасынын айлануусу, атмосфера циркуляциясы – атмосферадагы аба массаларынын алмашуусун пайда кылуучу негизги агымдардын оошуу кыймылы.

Ал негизинен жер бетине Күн радиациясынын түрдүү кубатта келишине, атмосфералык басым бирдей таралбагандыгына, жер бетинин бир кылка түзүлүштө болбогондугуна (кургактык, муздук, деңиз), Жер өз огунда айланышына ж. б. себептерге байланыштуу пайда болот.

Атмосфера циркуляциясы жалпы (пассат, муссон, циклон, антициклон системасындагы аба агымдары) жана жергиликтүү (керимсел, желаргы, ж. б.) болуп экиге бөлүнөт. Жергиликтүү циркуляциянын болушу көбүнчө ошол аймактын геогр. өзгөчөлүктөрүнө (орографиялык түзүлүшүнө, кургактык м-н деңиздердин жайгашуу абалына,темп-ралык кескин өзгөрүүлөргө ж. б.) байланыштуу; мис., Кыргызстандагы Улан, Санташ шамалдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2