Жетим темир кенташ бассейни

Жетим темир кенташ бассейниОрто Азиядагы темир кендүү ири аймак. Нарын шаарынан 60 км чыгышта, Жетим кырка тоосунун түштүк капталында, деңиз деңгээлинен 2250–3800 м бийиктикте жайгашкан. Аймакта темир кендери бар экендеги жергиликтүү элге илгертен белгилүү болгон. Анткени анда байыркы кен казындылары жана темир эриткен мештер табылган.

Темир кенташынын өз алдынча 6 кени ачылган. Аларга 1957–58-ж. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Бассейндин узундугу 34 км, туурасы 500 м. Анын аймагын рифей-венд мезгилинде пайда болуп, метаморфизмделген акиташтар, көмүртек-чополуу сланецтер, кумдуктар жана башка тектер түзөт. Кендер кабат сымал линза түрүндө жатат. Кенташ негизинен гематит жана магнетит минералдарынан турат да, алардын өлчөмүнө жараша гематит-магнетиттүү жана магнетит-гематиттүү болуп 2 типке бөлүнөт. Мындагы темир кенташы генезиси боюнча темир-кварциттүү формацияга кирери, чөкмө-жанартоо процессинен пайда болуп, кийин региондук метаморфизмге дуушар болгондугу аныкталган. Кенташтагы темирдин өлчөмү 15,4–46,3%. Басейн боюнча темир кенташынын болжолдуу ресурсу 5,395 млрд т, темирдики – 1,71 млрд т.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1