Жети-Өгүз марганец кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда, Жети-Өгүз курортунан 1 км чыгыш тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында. 1954-ж. табылып, геол. изилдөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинин орто ченинде пайда болгон кумдук, акиташ теги, конгломерат, чополуу сланец тектери түзөт. Кен чополуу сланецтин арасында линза сымал жатат. Эң чоңунун узундугу 10 м, калыңдыгы 6 м. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, гематит, лимонит ж. б. Рудадагы марганецтин кондициялык өлчөмү 2,5–8,5%. Кен гидротермден пайда болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү