ЖиддаСауд Арабиясындагы порт шаар. Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Жол тоому. Ири порт (жылына 39,5 млн т жүк жана 2,8 млн контейнер ташылат). Мусулман-зыяратчылар ыйык шаарларга (Мекке, Мединага) табынууга жөнөөчү жай. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, болот эритүүчү, металл иштетүү, курулуш материалдар (мрамор иштетүү, цемент), эмерек, жеңил (булгаары – бут-кийим, текстиль) өнөр жай ишканалары жана деңиз суусун тазалоочу ири завод иштейт. Кеме ремонттолот. Диний буюмдар чыгарылат. Университет, авиация академиясы, медициналык институт, бир нече колледж, музейлер (анын ичинде этнография) бар.

Жидда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1