Жирондисттер - Улуу француз революциясы мезгилиндеги саясий топ (чынында партия).

Жирондисттер көбүнчө республиканын соода өнөр жай буржуазиясы менен агрардык буржуазиянын мүдөөсүн көздөгөн.

Ишмерлеринин көбү Жиронда департаментинен чыккандыктан Жирондисттер деп аталган.

Жетекчилери - Ж. П. Бриссо, П. В. Верньо ж. б-лар. Революциянын 1-этабында якобичилер клубуна кошулуп, абсолютизмге каршы күрөшкөн.

Жирондисттер Робеспьер башында турган якобичилер клубунун сол канатынан бөлүнүп, 1791-жылдын күзүнөн Европанын феодалдык-монархиялык коалициядагы мамлекеттерине каршы согушууну пропагандалай баштаган.

Франциянын чектерин кеңитип, жаңы рынокторду басып алуу үчүн согушту тездетип, массаны таптык күрөштөн алаксытууга, элди өзүлөрүнө тартууга аракеттенген.

Жирондисттер 1792-ж. октябрда Ж. Якоби клубунан чыгарылгандан кийин алар якобичилерге каршы күрөшүп, бара-бара контрреволюциячыл күчкө айланган.

Элдик көтөрүлүштүн (1793, 31-май - 2-июнь) натыйжасында Жирондисттер бийликтен кулагандан кийин якобичилерге каршы жарандык согуш ачууга аракеттенген. Термидор төңкөрүштөн (1794, 27-28- июль) кийин якобичилер тарабынан камалган. Кийин Жирондисттер мунапыс алышкан, эсен калган депутаттары Конвентке кайтарылып берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.