Жогорку нерв иши — сырткы жана ички чөйрөнүн өзгөрүүлөрүнө организмдин толук ыңгайлануусун камсыз кылуучу борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрүнүн (чоң жарым шарлардын кыртышы жана кыртыш астындагы борборлордун) биргелешкен аракети. Жогорку нерв иши түшүнүгүн физиологияга И П. Павлов киргизген. И. П. Павловго чейин физиологдордун дээрлик көпчүлүгү организмдин иши — органдардын ишинин суммасы, ар бир органдардын иши анын клеткаларынын ишинин суммасы, ал эми ар бир клетканын негизги касиеттери туруктуу, ошондуктан чөйрөнүн таасири козгогон организмдин реакциялары орган жана клеткалардын туруктуу ишмерлиги менен мүнөздөлөт дешкен. Мындай метафизикалык пикир физиологиялык изилдөөлөрдүн методикасын жана анын илимнй негиздерин өөрчүтүүгө тоскөол болгон. И. П. Павлов жана анын окуучулары организмдин кадимки абалында өтүүчү физиологиялык процесстерин изилдөө үчүн чөйрө менен нормалдуу байланышта турган дени соо жаныбарларга эксперимент жасашкан (мисалы, дени таза иттин шилекейин алуу үчүн шилекей бездин түтүкчөсүн сыртка чыгаруу, фистула операциясын жасоо).

Ушундай изилдөөнүн негизинде организмдеги физиологиялык процесстерди жөнгө салууда нерв системасы орчундуу ролго ээ экендиги аныкталган. Ошондой эле психикалык активдүүлүктүн бүткүл формасы (буга адамдын аң-сезими да кирет) — Жогорку нерв ишинин элементтери. Орус окумуштуусу И. М. Сеченовдун 1863-ж. чыккан «Мээнин рефлекстери» деген китебинде психикалык иш-аракеттер рефлекстер менен байланыштуу экендигин материалисттик көз караш менен далилдеген. Татаал түзүлүштөгү жаныбарлардын Жогорку нерв ишинин негизи — борбордук нерв системасынын жогорку бөлүктөрү иштеп чыккан шарттуу жана шартсыз рефлекстер. Жогорку нерв иши учурунда мээнин дээрлик көпчүлүк бөлүгү тыгыз байланышта жана өз ара аракетте болуп, баары чогуу иштешет. Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайланышы, ар кыл шарттуу рефлекстердин пайда болушу жана жоголушу менен жүзөгө ашат. И. П. Павлов Жогорку нерв ишинин негазги закондорунун бири болгон шарттуу рефлекстерди изилдеп, алардын кайсы мезгилде, кандай түрдө, кантип пайда болорун далилдеген. Шарттуу рефлекстерди жаратуу үчүн борбордук нерв системасында алгач анын эң жогорку өсүү баскычында туруучу мээ кыртышындагы нейрондор, шарттуу сигналдарды кабыл алуучу сезгич нерв клеткалары менен шартсыз рефлекстердин борборунун аралыгында убактылуу нерв байланыштары (ассоциациялар) түзүлөт. Бирок бул процесстин алдында организм өзүнө таасир тийгизген чөйрөнүн көп сандаган дүүлүктүргүчтөрүнүн ичинен эң керектүүсүн ылгайт да, борбордук нерв системада ушул гана сигналдык таасирге байланышкан алгачкы козголуу пайда болгон. Ал убактылуу нерв байланышын жаратууга жана шарттуу рефлекстерди пайда кылууга гана түрткү болбостон, келечектеги организмдин жашоосунда да чоң салымы бар.

Мисалы, тамактануунун алдында тамак-аштын жыты, идиш-аяктын добушу ж. башкадандан алгачкы козголуу пайда болуп, ал тамактанууну эңсетет, шилекей агат, акырында тамактануу аракети башталат. Демек, бул учурда алгачкы ковголуу тамактануу рефлекстеринин толук өлчөмдө жана жагдайлуу болуусуна себепкер болот. Шарттуу сигнал канчалык күчтүү болсо, рефлекс ошончолук тез пайда болот. Жогорку нерв ишинин татаал процесстеринин бири — динамикалык стереотип (тышкы жана ички чөйрөнүн таасирине жараша бир канча нерв борборлорунун козголуусу, аракети, башкача айтканда биринен сала бири өтөлүүчү шарттуу рефлекстер). Динамикалык стереотиптин бирден бир өзгөчөлүгү — анын автономиялуулугу. Жетилген стереотиптик реакция учурунда шарттуу дүүлүктүргүчтөрдүн убакытка жараша орун алмашуусу, алардын күчүнүн бир аз өзгөрүшү натыйжа бербейт. Ушуга байланыштуу динамикалык стереотип организмдин чөйрөгө ыңгайлануусуна дурусураак шарт түзөт. Динамикалык стереотипке адамдын өнөкөтү, күндөлүк режими, өндүрүштө жөндөмдүүлүгү кирет, бул жеке организм үчүн өтө зарыл. Шарттуу рефлекстердеги убактылуу нерв байланыштары шартсыз рефлекстер менен бекемделип турбаса, ассоциациялар убактылуу жоголуп кетет. Ал тормоздоо процессине байланыштуу. Чындыгында шарттуу рефлекстер жоголуп жана жаңыдан жаралып турбаса организмдин жашоосу мүмкүн эмес, анткени чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша организм өзүнүн функцияларын (шарттуу рефлекстерин) өзгөртүп турушу керек. Демек, тормоздоо процесси организмдин жашоосуна бирден бир керектүү шарт түзүп турат. Тормоздоо процесси шарттуу жана шартсыз тормоздоо болуп экиге бөлүнөт. Шарттуу тормоздоо басаңдатуучу, кечиктирүүчү, дифференциялоочу болуп айырмаланат. Булардын жардамы менен шарттуу рефлекстердин убактылуу жоголушу, алардын керектүү убакытта гана пайда болушу, чөйрөнүн көптөгөн окшош дүүлүктүргүчтөрүн бири биринен ажыратуу мүмкүнчүлүктөрү түзүлөт.


Жогорку нерв иши жарым шарлардын мээ кыртышындагы жана аларга жакын жайгашкан нейрондордо өтүүчү процесс, ал мээнин анализ жана синтез ишмердүүлүгүн айкындайт. Жогорку нерв ишинин айбанат дүйнөсүндө да мааниси бар, бирок тарыхый өнүгүүнүн негизинде ал өзгөрүп кеткен. Омурткасыз жана жөнөкөй омурткалуу жаныбарларда нерв клеткалары чачкын жайгашып, функциялык мүмкүнчүлүгү да ченемдүү болгондуктан, жөнөкөй шартсыз рефлекстер жана инстинктг тер үстөмдүк кылат. Эволюциялык өнүгүүнүн жогорку баскычындагы жаныбарларда (айрыкча сүт эмүүчүлөрдө) өз ара байланыштары да татаалданган. Аларда шарттуу рефлекстер тез жаралып, шарттуу жана шартсыз рефлекстердин айкалышынан турган Жогорку нерв иши басымдуулук кылат. Мында шарттуу рефлекстер татаалданып, организмдин чөйрөгө ыңгайлануусунун активдүү каражатына айланат. Кишинин Жогорку нерв ишине жаныбарларга да таандык биринчи сигналдык системадан тышкары экинчи сиг-налдык система (сүйлөө) мүнөздүү (к. Сигналдык система). Кишинин Жогорку нерв иши анын нерв системасынын жеке өзгөчөлүгүнө көз каранды. Бул өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы индивиддин тукум куугучтук өзгөчөлүгүнөн, турмуш тажырыйбасынан келип чыгып, нерв ишинин тиби деп аталат. И. П. Павлов Жогорку нерв ишин 4 негизги типке бөлгөн:

  • 1) күчтүү, бирок токтоо эмес тип, анда козголуу процесстери басымдуулук кылат (холерик);
  • 2) күчтүү, токтоо тип (сангвиник);
  • 3) күчтүү тип, нерв процесстери жай жүрөт (флегматик); 4) күчсүз тип, козголуу жана тормоздоо процесстери начар жүрөт (меланхолик).

Организмдин тышкы чөйрөгө ыңгайлануусу жана ооруга туруктуулугу нерв системасынын тибине жараша болот. Нерв системасы күчтүү, токтоо болгон типте невроздор көп учурабайт. Турмуштун татаал абалдары күчсүз типтеги кишилердин Жогорку нерв ишин бат бузат. Жогорку нерв ишинин патологиялык бузулууларынын себептерине түрдүү уулануу, жугуштуу оорулар, тышкы чөйрөнүн жагымсыз шарттары жана башка кирет. Жогорку нерв ишинин патологиялык абалдарын жоготуу үчүн эс алуу, орун алмаштыруу, эмгек менен эс алууну айкалыштыруу зарыл, аны алдын алууда организмди чыңдоо менен бирге нерв системасын такай машыктыруунун мааниси чоң.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8