Жозеф Луи Лагранж (25. 1. 1736, Турин – 10.4. 1813, Париж ) – француз математиги жана механиги. Париж ИАнын мүчөсү (1772), Петербург ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1776). 1759-ж. Берлин ИАнын мүчөсү, анын президенти (1766–87). 1787-ж. Лагранж Парижгe келген, 1795- жылдан Нормалдуу жана политехникалык мектепте профессор (1797). Эмгектери вариациялык эсептөө, анализдик жана теориялык механикага арналган. Ал алгебра, сандар теориясы, дифференциалдык теңдемелер, интерполяция, математикалык картография, астрономия жана башка боюнча изилдөө жүргүзгөн. Математикага туундунун f(x) түрүндөгү белгиленишин киргизген, «Анализдик механика» деген классикалык трактатында (1788) статиканын негизине мүмкүн болгон которуштуруу принцибин, ал эми динамиканын негизине – ушул принциптин Д’Аламбер принциби менен айкалышын (Д’Аламбер – Лагранж принциби) койгон кыймыл теңдемесин берген, ал анын ысмы менен аталган.

Joseph Louis Lagrange
Туулган жылы:

25 -январь 1736(1736-01-25)

Туулган жери:

Турин, Италия

Каза болгон жылы:

10 -апрель 1813(1813-04-10) (77 жаш)

Каза болгон жери:

Калып:МестоСмерти

Өлкө:

Франция

Илимий чөйрөсү:

аналитикалык механика асман механикасы математикалык анализ сандар теориясы

Илимий жетекчиси:

Леонард Эйлер, Беккариа, Джованни Батиста

Белгилүү окуучулары:

Жан Батист Жозеф Фурье,
Симеон Дени Пуассон

Лагранж Күн системасынын туруктуулугу проблемасына арналган маселелерди чечүү боюнча иш жүргүзгөн. Асман механикасынын конкреттүү маселелерин чечүүдө иштеген окумуштуулар бири – бири менен атандашып, бирде бир пикирге келсе, көбүнчө талаш тартыштар менен чечилген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.