Жолдошов Рыскул (1660, Кочкор району, Нарын облусу) — тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты. Х-ХІХ-кылымдардагы кыргыздардын этникалык тарыхы, кыргыздардын тарыхый элдик уламыштары жана санжырасы, Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы жана башка тарых маселелери боюнча адис.

Өмүр баяны түзөтүү

Рыскул Жолдошов 1960-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

1978-жылы Кочкор районуна караштуу МВ.Фрунзе атындагы колхоздун колхозчусу болуп иштеген.

1979-1982-жылдары советтик армиянын катарында аскердик кызмат өтөгөн.

1984-1989-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун тарых факультетинде жогорку билим алып, артыкчылык диплому менен бүтүргɵн.

1990-1993-жылдары КР ИАнын Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери болуп эмгектенген.

1994-2004-жылдары КР УИАнын Тарых институтунда илимий кызматкер, 2005-жылдан баштап ага илимий кызматкер катары эмгек жолун уланткан.

Илимий жана окутуучулук ишмердүүлүгү түзөтүү

2000-жылы «Кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдөөдө геналогиялык уламыштардын мааниси» деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Илимий жетекчиси Ө.К.Караев болгон.

Рыскул Жолдошов 100 дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору болуп эсептелет.

2000-2016-жылдары КУУнун Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти, 2016-2021-жылдары ошол эле университеттин Жалпы тарых кафедрасынын доценти, 2021-жылдан бери Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын доценти болуп саналат.

Сыйлыктары түзөтүү

  • Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Мыкты лектору» (2011);
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын Ардак грамотасы (2012);
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2016);
  • Кыргыз Республикасынын "Билим, илим профсоюзунун отличниги (2019);
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эмгек сиңирген кызматкери (2020).

Эмгектери түзөтүү

Макалалары түзөтүү

1.     Жолдошов Р. Ормон хан баяны // Кыргызстандын тарыхы боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана программалык окуу куралы.- Б.- 1994.

2.     Жолдошов Р. Могулстан доору кыргыз уламыштарында // Кыргызстан- наше отечество: история... - Б.-1997

3.     Жолдошов Р. Уруулук тузүлүш жана этногенетикалык уламыштар // Фольклордун жанрдык табиятындагы  салттуулук жана жекечилик өзгөчүлүктөру. - Б., 1998.

4.     Жолдошов Р. Угуз-хан этногенетикалык уламышында кыргыздардын орто кылымдардагы тарыхынын чагылышы // Изучение древнего и средневекового Кыргызстана. - Б., 1998.

5.     Жолдошов Р. Оң канат жана сол канат этнодуалдык уруулук уюму // Новое о древнем и средневековом Кыргызстана. Вып. 2. - Б., 1999.

6.     Жолдошов Р. Кыргыз элинин этникалык тарыхын изилдөөдө генеалогиялык уламыштардын мааниси / автореф. дис. на соис. канд-а ист. наук : 07.00.02.; 07.00.07. - Бишкек, 2000.

7.     Жолдошов Р. Байыркы кыргыздар жөнүндөгү Гардизинин уламышындагы фольклордук мотивдер (XIк.) // Байыркы кыргыз тарыхынын актуалдуу проблемалары. - Б., 2001.

8.     Жолдошов Р. “Кырк кыз” уламышы боюнча кыргыз элинин этногенетикалык байланыштары // Коомдук илимдер журналы. - Б., 2001.

9.     Жолдошов Р. Фу-йу кыргыздарынын түпкү теги / /Коомдук илимдер журналы. - Б., 2003.

10.  Жолдошов Р. Санчы сынчы // жыйнак.- Бишкек, 2003.

11.  Жолдошов Р. Енисейлик жана Теңир-Тоолук кыргыздардын этникалык байланыштары жөнүндөгү гипотезалар // Кыргызстан тарыхынын маселелери. №1. - Б., 2006.

12.  Жолдошов Р. XVIII к. кыргыз уруулары жана алардын дуалдык этносоциалдык уюму // Кыргызстан: история и современность. - Б., 2006.

13.  Жолдошов Р. Шабдан баатырдын саясий көз карашынын эволюциялык өнүгүүсү // Шабдан баатыр: доор жана инсан. - Б., 2009.

14.  Жолдошов Р. XVIII кылымдагы кыргыздардын уруулук курамы // Кыргызстанга 20 жыл. - Бишкек, 2011.

15.  Жолдошов Р. Санжыралык уламыштардын кыргыз тарыхындагы этномаданий проблемаларды чечүүдѳгү мааниси // Кыргыздар. 14томдук. 3-том. - Бишкек, 2011.

16.  Абдрахмановдун “Казак-кыргыз окуясы” / түзгѳн жана илимий комментарий жазган: Р.Жолдошов // Кыргыздар: 14томдук. 4-т. - Бишкек, 2011.

17.  Жолдошов Р. Балбай баатырдын туулган жылына тактоо / /Кыргыздар. 14томдук. 7-т. - Бишкек, 2011.

18.  Жолдошов Р. Тѳрѳгелди баатыр // Кыргыздар. 14томдук. 8-т. - Бишкек, 2011.

19.  Жолдошов Р. Мухамед-кыргыз / /Кыргыздар. 14томдук. 8-т. - Бишкек, 2011.

20.  Жолдошов Р. Кыргыз манаптарынын 1916-жылдагы кѳтѳрүлүштѳгү ролу // 1916-жыл: Азаттык көтөрүлүшү. – Бишкек, 2011.

21.  Жолдошов Р. Осмон датка – орус оторчулугуна  каршы күрөшүүчү // Кыйын кезеңдин арстандары: Тайлак баатыр жана анын уулу Осмон датка / түз.: Б.Сатыбалдиева. - Б., 2013.

22.  Жолдошов Р. XVIII кылымдагы кыргыз урууларынын жайгашуу ареалы // Кыргызстан жана Борбордук Азия – баарлашуунун мейкиндиги: Этностор аралык мамилелерди бекемдөөнүн өтмүшү жана келечеги. – Бишкек, 2015. – 210–21б-б.

23.  Жолдошов Р. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн жетекчилери жана кыргыз манаптарынын орду // Илимий эмгектер, Монографиялар, Эскерүүлөр. - Б., 2016.

24.  Жолдошов Р. Кыргыз калкынын этностук курамы жана калыптанышы // Кыргыздар: Жыйырма томдук. 17-т. - Б., 2019.

25. Жолдошов Р. Байыркы кыргыздардын кошуна элдери, маданияты, чарбасы жана тили // Вестник КГУ им. И.Арабаева. 2020. 164-168-б.

26. Жолдошов Р.Ж. Родоплеменные связи кыргызов и алтайских народов по этнологическим данным // Историческая этнология. 2023. Т. 8. № 3. С. 327–340.

Авторлош болгон эмгектер түзөтүү

Алагөз у. А., Жолдошов Р. Мырза Мухаммед Хайдар Дуулатинин «Тарих-и Рашиди» эмгегинин изилденүү тарыхы // Известия НАН КР, 2019, № 5. – 117-122-б.

Академиялык басылмалардагы салымы түзөтүү

Кыргызстандын тарыхы. Байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин. 3 томдук. I том. Байыркы мезгилден XVII к. чейин.  – Бишкек, 2016. - Р.Жолдошовго таандык темалар: Киришүү, 3-параграф. I бөлүм, 3-бап, 6-параграф. II бөлүм, 6 бап, 1, 2, 3-параграфтар, жооптуу катчы.

Окуу куралдары түзөтүү

Методологические проблемы подготовки магистрантов. Метод. пособие. - Бишкек, 2013.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү