Жол кыймылынын эрежелери

жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдер

Жол кыймылынын эрежелери — жол кыймылынын бардык катышуучуларынын (жөө адам, транспорт каражаттары) коопсуздугун жана бирдей тартибин камсыз кылууга багытталган эрежелер.

СССР түзөтүү

СССРде алгачкы жолдо жүрүү эрежелери Москва шаары жана анын айланасы үчүн 1922-жылы бекитилген. 1940-жылы алгачкы жолу типтүү эрежелер иштелип чыккан. 1957-жылы унификацияланган. Мына ушундан кийин союздук республикаларда, анын ичинде Кыргызстанда да жолдо жүрүү эрежелери киргизилген. Кийин эл аралык конвенциялардын жол кыймылы жана жол белгилери менен сигналдары жөнүндөгү ченемдерин, мамлекеттик стандарттардын талаптарын эске алуу менен «Жолдо жүрүүнүн жаңы эрежелери» түзүлүп, ал 1973-жылдын 1-январынан СССРдин бардык жеринде колдонула баштаган.

Кыргызстан түзөтүү

Кыргызстандын аймагында жол кыймылын жөнгө салуучу негизги документ ― КРдин Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтомунда бекитилген «Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери», 1999-жылдын 1-сентябрынан колдонулуп келет.

Жолдо жүрүү эрежелери жол кыймылынын бирдей тартибин, анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо жагында, Кыргызстандын бүткүл аймагында атайын ички иштер органдарынын көзөмөлдөөчү жана уруксат берүүчү функцияларды аткарган ыйгарым укуктуу кызматкерлери иш алпарышат.

Булактар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1