Жомокоозеки чыгармачылыкта кеңири тараган, көбүнчө ойдон чыгарылган, окуяларды апыртмалуу, фантазиялуу чагылдырган, сюжети кызыктуу, баяндоо түрүндөгү чыгарма. Жомоктор ыр түрүндө да, кара сөз формасында да болот. Фольклористика илиминин тажрыйбасына таянып жана өздүк материалдарга жараша кыргыз жомоктору төмөнкүдөй классификацияланган:

  • 1. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор
  • 2. Кереметтүү жомоктор
  • 3. Турмуштук жомоктор

Кыргыз эл жомокторун классификациялоодо фольклорист-окумуштуулар К. Мифтаков, М. Богданова, К. Рахматуллин, 3. Бектенов, Т. Байжиев, С. Мусаев, Ж. Таштемировдун жасаган эмгектери чоң. Жанрдык жактан алганда айбанаттар жөнүндөгү жомоктор кереметтүү же турмуштук жомоктон кескин айырмаланып, түзүлүшү боюнча да өз алдынчалыкка ээ. Жомоктун баяндама мүнөзү, сюжетинин кыска жана тактыгы, персонаждарынын типтүүлүгү жанрдык өзгөчөлүгүн аныктайт. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктордо аллегориялык маанидеги нравалык тарбия жатат. Адамдардын ачкөздүгү, сараңдыгы, карөзгөйлүгү, акылсыздыгы, айлакерлиги жана ошол эле учурда достукка бекемдиги, боорукердиги өңдүү, адамзатына тиешелүү кеңири темадагы мүнөз-сапаттар чагылдырылат. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктордун композициясы, стили жөнүндө сөз кылганда өзгөчө диалог формасы кеңири колдонулганы байкалат. Бул форма жомокко драмалык-театрдык мүнөз берип, угуучуга өзгөчө таасир калтырат. Ошондой эле формасы, стили жана композициялык түзүлүшү боюнча кумулятивдик жомоктордун түрүнө кирген жомоктор да көп кезигет. Кумулятивдик жомоктордун композициясы өтө жөнөкөй. Мисалы, “Топулуу торгой”, “Абышка, кемпирдин көмөчү”. Ар бир фольклордук көрүнүш узак мезгилдүү тарыхый өнүгүштү, өзгөрүштөрдү өзү менен бирге алып жүрөт. Кереметтүү жомоктордо да тотемдик, анимистик, магиялык түшүнүктөр орун алып, элдик фантазия, көркөм ойлоо жогорку чекке жетип, өзгөчө бир кереметтүү дүйнөнүн көркөм элестери чагылдырылып келет. Кереметтүү жомоктордогу магиялык, сыйкырдуу предметтер канаттуу ат, ажыдаар (үч, жети баштуу), кырк кулактуу казан, топу, таяк, жайыл дасторкон, шакек, ийне, куштун жашартуучу канаты, жез кемпир, кыдыр, перилер, дөөлөр ж. б. у. с. Жаңы жана эски кереметтүү жомоктордун сюжети жанрдан да мурда пайда болушу мүмкүн. Алардын түпкү тамыры мифтерге барып такаларын окумуштуу В. Я. Пропп өзүнүн «Исторические корни волшебной сказки» (1936) деген эмгегинде жазып, сюжеттер бир жанрдан экинчи жанрга көчүп жүрүшү өтө кеңири кезигерин (миф, легенда, жомок, эпос) айткан. Ошондо айбанаттар жөнүндөгү жомоктор менен кереметтүү жомоктордун башаты өтө тереңде, ал эми турмуштук, сатиралык (анекдоттук) жомоктор кийинчерээк пайда болгон десек болот. Жомоктордогу юмор, ирония чындыкты кыйыр түрдө берүүгө негизделген. Жомоктук фантастиканын кылдат маңызы ушунда. Кереметтүү жомокторду сыйкырдуу, кереметтүү, фантастикалык белгилери, жогорку идеяларга сугарылган көтөрүңкү кыялдарга берилген мүнөзү менен башка жомоктордон айырмаланат. Кыргыз элинде жакшы сапаттарга үндөгөн, адал эмгекке, адилеттүүлүккө, жакшы жүрүм-турумга чакырган, мораль, этика негизги идеясы болгон турмуштук жөө жомоктор арбын. Турмуштук жомоктордун мазмунуна, негизги багытына караганда уруучулук, таптык түзүлүштүн мезгилинде пайда болгон деп айтууга негиз бар. Жаралуу мезгили, сюжеттик курулушу, композициялык түзүлүшү, образдар системасы, курч социалдык мазмуну, идеялык өзгөчөлүгү, турмуш чындыгын баяндоосу менен турмуштук жомоктор жөө жомоктордун башка түрлөрүнөн кескин айырмаланат. Турмуштук жомоктор менен кереметтүү жомоктордун структуралык түзүлүшү негизинен окшош. Бирок, кереметтүү жомоктордун каарманы укмуштуу, кереметтүү күчтөргө ишенип, өзү активдүү аракет жасабайт. Кимдир бирөөнүн, бир нерсенин жардамы менен ниетине жетишет. Ал эми турмуштук жомоктордун каарманы болсо өзүнүн акылы, жөндөмү, күч аракети менен алдына койгон максатына жетет. Чыныгы турмушту баяндоо турмуштук жомоктордун максатына кирбейт. Ошондуктан окуя жүрүп жаткан жагдай толук, майда-чүйдөлөрүнө чейин сүрөттөлбөйт. Турмуштук жомоктордун композициясы өтө ар түрдүү. Бул биринчи иретте чагылдырылган окуялардын ар түрдүүлүгү менен түшүндүрүлөт. Мисалы, «Обозгердин кызында» жеке үй-бүлөлүк мамиле сүрөттөлсө, «Алымкул түшчүдө» хан менен Алымкул аттуу тапкыч, айлакер кишинин ортосундагы кызыктуу окуя баяндалат. «Жеке таз менен жети тазда» алдуу менен алсыздын ортосундагы карама-каршылык, акыры акыл, айла-амал менен кастан өч алуу эң эле тамашалуу мүнөздө сүрөттөлгөн. Турмуштук жомоктордун негизги белгилеринин бири – табигыйдан сырт эч нерсе жок. Бардыгы кадимки жердик адамдар, турмуштук көрүнүштөр. Каармандар дыйкан, кедей, жылкычы, уйчу, койчу, акылдуу кыз, акылдуу зайып, акылдуу бала, сынчы киши ж. б. Алардын душмандары – хан, вазир, бай, каракчы, ууру, молдо, алдамчы, айлакер, ач көз адам ж. б. Сюжет ушулардын айланасында курулат. Булар реалдуу мүнөздөргө ээ. Кыргыз жомоктору оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрү менен бирге 20-кылымдын 20-жылдарынан баштап жыйнала баштаган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

"Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү. Асанов, жооптуу редактор: А. Акматалиев. Бишкек - 2004