Жомокчу — "Манас" айтуучу. Бул наам, адатта эпостун үч бөлүмүн толук же бирөөнү айткан адамдарга карата колдонулган. 20-кылымдын 30-жылдарына чейин "Манас" айткан адамдар эл ичинде "ырчы", "жомокчу" деген термин менен аталып келген. Мисалы, 1925-ж. араб ариби менен кыргыз тилинде Москвадан чыккан "Манас" эпосунун титулдук бетинде ал вариант Тыныбек жомокчуга таандык экендиги белгиленет жана китепченин кириш сөзүндө да Тыныбек "жомокчу" деген наам менен эле аталат. Эпостун өзүнүн текстинде да:

Жомокчулар койбосо,

Уйкаштырып ырды айтып,

Келиштирип койбосо

Жомокчулар калп айтып (Сагымбай Орозбаков, "Манас", Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 380-б.),— деп "Манас" айткан адамдар "жомокчу" деп айтылат. Бирок жазма адабияттарда Ж-га караганда " манасчы " деген термин кеңири колдонулуп жүрөт. " манасчы " термин катары биринчи жолу профессор X. Карасаевдин "Кызыл Кыргызстан" (азыркы "Кыргызстан туусу") газетасына 1930-ж. 27-майда жарыяланган "Манас" аттуу макаласында пайдаланылган. манасчы кийин атайын адабий термин катары терминологиялык жана энциклопедиялык адабияттарга кирген, к. манасчы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4