Жонглёр - (лат. joculator – куудул, шайыр, тамашакөй) – 1) орто кылымдын башында Франциядагы кыдырма шайыр музыканттар (аларды гистрион деп да аташкан). Англиядагы менестрелдер, Германиядагы шпильмандар, Россиядагы скоморохтор да жонглёр сымал өнөрпоздор болгон. Элдин үрп-адатына, оюндарына байланыштуу чыккан бул өнөр музыкалык элемент менен поэзияны, ымдоо-жаңдоо менен акробатиканы бириктирип, профессионал деңгээлге көтөргөн; 2) циркте – бир эле убакта бир нече буюмду шамдагайлык менен ыргытып, тосуп ала турган артист.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1