Куудул
Куудул- сатиралык чыгармаларды айткан же аткарган, жүрүш-турушу, кыймыл-аракети менен элди күлдүргөн киши. Куудулдук- сейрек талант. Алар бирөөлөрдү туураган, шылдыңдаган, анекдот айткан, күлкүлүү чыгармаларды аткарган, чыгарган, маскарапоздук кылган, тамаша уюштурган, азилдешкен, аскиялашкан ж.б. Кыргыз элинде Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу 1866-1940), Жоошбай Борсол уулу (1840-1919), Көкөтөй Өмүрбек уулу (1849-1916), Карачунак Шылдыр уулу (1860-1960), Бекназар Арзымат уулу (1881-1953), Шаршен Термечик уулу (1896-1942) сыяктуу таанымал куудулдар жашап өткөн. Алардын ар бири өзүнчө индивидуалдуулукка жана жалпылыкка ээ. Речине жорго сөз, апыртуу, литота мүнөздүү. Өз учурундагы социалдык маселелерди да көтөрүп чыккан. Мис., Шаршен Термечик уулу адам мүнөзүндөгү ачкөздүктү, боккурсактыкты, тойбостукту куду ошол адам кейиптенип, бети-башын кыймылдатып туурап, өзүнүн атынан (биринчи жактан) аңгеме кылып айтат:
Менин абдан курсагым ачканда ичерим: арпа жармадан алты жарым аяк, конок көжөдөн жети аяк, кээде жети жарым аяк ичип жиберемин.Нанга деле ошондоймун. Боорсок менен казанга жапкан нандан болжой элекмин. Көмөч казан деген нандан төрттү же төрт жарымды араң түгөтөм.
Пайдаланылган адабият: Кыргыз адабияты. Терминдердин түшүндүрмө сөздүгү. Түзгөндөр: Шериев Ж. Муратов А.Бишкек-1994.