Жон Жозеф Траволта (англ. John Joseph Travolta; 1954-жылы 18-февралда туулган) - америкалык актер, продюсер, бийчи жана ырчы. Жон Траволта алгач 1970-жылдары "Кош келиңиз Коттер" ( англ. Welcome Back, Kotter, 1975–1979) ) телесериалында тартылгандан соң белгилүү болгон. Андан кийин "Алтынчы куну кечинде" (англ. Saturday Night Fever, 1977) жана "Бриолин" (англ. Grease, 1978) деген прокатта жакшы көрсөткүчтөрдү берген тасмаларда ойногон. 1980-жылдары Ж. Траволтанын чыгармачылыгында тыныгуу болгон. Бирок 1990-жылдарда "Кылмыш окуясы" (англ. Pulp Fiction, 1994) тасмасындагы ролу менен анын актердук чыгармачылыгы жанданган. Актер андан кийин "Бетсиз" (англ. Face/Off, 1997), "Сыр сөз: балык-кылыч" ( англ. Swordfish, 2001), "Чыныгы камандар" (англ. Wild Hogs), "Чач үчүн лак" (англ. Hairspray) тасмаларында роль аткарган.

Жон Траволта "Алтынчы күнү кечинде" (англ. Saturday Night Fever, 1977) жана "Кылмыш окуясы" тасмаларындагы ролдору үчүн "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. "Кодо" (англ. Get Shorty) тасмасындагы ролу үчүн актер "Алтын глобус" сыйлыгын "Көркөм фильмдеги/мюзиклдеги/комедиядагы эң мыкты актер" номинациясында алган. Ошондой эле алты номинацияда талапкер болгон, акыркы жолу сыйлыкка 2008-жылы көрсөтүлгөн. 2014-жылы Ж. Траволта эл аралык кинометаграфиядагы ийгиликтери үчүн Индиянын эл аралык киноакадемиясынын (IIFA) сыйлыгын алган. 2016-жылы актер алгачкы жолу праймтаймдык "Эмми" сыйлыгын "Америкалык кылмыш окуясы,:эл О. Жей Симпсонго каршы" (англ. American Crime Story: The People v. O. J. Simpson) аттуу криминалдык сериал-антологиясында продюсер катары алган. Бул фильм үчүн дагы бир жолу "Эмми" сыйлыгына жана "Алтын глобус" сыйлыгына жактоочу Роберт Шапиронун ролу үчүн талапкер болгон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү