Жоодарбешим (ырчы)
Кыргызстандык ырчы
Жоодарбешим (толук ысымы : Жоодарбешим Табылганов) - 1990-жылы 16 апрелде Токтогул районунун Чоң-Арык айылында туулган. Окууну бүткөн соң Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Ушул окуу жайда окуп жүргөндө ар кандай студенттик концерттерде ырдап жүргөн. Ырчынын эң алгачкы чоң сахнага болгон кадамы 2008-жылы Жамил Карабалаевдин жеке концертинде болгон. Репертуарындагы "Жан тумарым", "Өкүнбө", "Эрке кыз" аттуу ырлары менен таанылган.
Жоодарбешим
| |
Толук ысымы |
Жоодарбешим Табылганов |
---|---|
Туулган датасы |
16 -апрель 1990 (34 жаш) |
Туулган жери | |
Өлкө | |
Кесиптери | |
Активдүү жылдары |
2008 - Азыркы учурда |
Биографиясы
түзөтүү- Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 16-апрель
- Туулган жери – Токтогул району, Чоң-Арык айылы
- Билими – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияны аяктаган
- Хоббиси – Ыр жазуу
- Фобиясы – Бийиктик
- Учурда – Жеке ырчы
- Репертуарындагы ырлары – «Жан тумарым», «Өкүнбө» жана башкалар
Сыйлыктары
түзөтүү- Жоодарбешим "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча “2013-жылдын супер дебюту” деп табылган