Жылкы жүрүшүнүн бир түрү. Жылкы бир жак буттарын (оң жаккы алдыңкы жана арткы буту) бир убакта көтөрүп, алга таштайт. Анын арымы таскакка караганда кыска, тез кайталанат. Жорго - жол жорго, кой жорго, чапма жорго болуп айырмаланат. Жол жорго менен кой жорго жай, чапма жорго катуу жорголойт. Чапма жорго таскакка окшош болгондуктан анын жорго жүрүш экени жылкыны арт жагынан караганда даана байкалат. Жорго саатына 10–15 км жол жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)