Жорго салышулуттук ат оюндардын бири. Жорго салыш боюнча мелдеш тегиз талаада, түз жолдо, ат майданда өткөрүлөт. Мелдеш аралыгы 2400 мден 10000 мге чейин болуп, 2 жаштан же кунандан жогорку бардык тукумдагы жорголор катышат. Мелдешке жорго салдыруунун ыгын жакшы билген 19 жаштан өткөн адамдар токулган жорго менен катышат. Жорго салышта жоргону бир гана адам алмашпай минүүгө жана бүт аралыкты жоргосунан жазбай өтүүгө тийиш. Чоң жорголор айрым учурларда саатына 80 км аралыкты басып өтөт. Уруксат берилүүчү жаңылуулардын саны жободо ачык көрсөтүлгөн. Эрежени бузгандар мелдештен чыгарылат. Кыргыз элинде жылкынын жоргосу 5ке бөлүнөт: чапма жорго, төкмө жорго, урма жорго, кой жорго жана жол жорго. Булардын ичинен чапма жорго менен төкмө жорго өтө жогору бааланып, майрам, чоң той-аштарда салдырылган. Кыргызстандын искусствосу менен маданиятынын 1958-ж. өткөн он күндүгүндө Москва ат майданында 20га жакын жорго салдырылган. 1971-жылдан КРде улуттук спорттун түрү катары жорго салыш боюнча мелдештин разряддык нормативи түзүлүп (3 разряддык норма белгиленген), анын өткөрүү шарты жана тартиби белгиленген. 3 кмге чейинки аралыкта 5 жолу, 5 кмде 6 жолу, ал эми 10 кмде 10 жолу жаңылууга уруксат берилет. Ат башка аллюрга өтсө (4 топ 12 секирикке чейин) жорго жаңылды деп эсептелет. Үч секирикке чейин жаңылганга жатпайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1