Жумабаев Алахун (1896, Ош облусу, Кара-Суу району, Дыйкан-Кыштак айылы - 1976, ошол эле жер) пахтачы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1951). Улуу Ата Мекендик согуштун (1941-45) катышуучу. 1945-жылдан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Кызыл-Шарк» колхозунда бригадир болуп иштеген. 1950-жылы ал жетектеген бригада 50 га жердеги пахтанын ар гектарынан 46,66 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү