Жумабаев Үсөнкул (1923–1976) - акын.

Үсөнкул Жумабаев 1923-жылы 5-декабрда Чүй районундагы Кара-Дөбө айылында туулган. Айылдык мектептин 9-классын бүтүрүп,
1942-жылы Чүй районундагы Кара-Дөбө колхозунда бухгалтердин жардамчысы болуп иштеген. Ошол эле жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,
1944-жылы Рязань артиллериялык окуу жайын бүтүрүп, кенже лейтенант наамын алган. Андан кийин взводдун командири болуп Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
1946–1949-жж. Чүй райондук партия комитетинде инструктор, бөлүм башчы,
1949–1951-жж. Кыргызстан Борбордук партия комитетинин алдындагы эки жылдык партиялык мектепте окуп, партиялык уюмдун партиялык бюросунун катчысы болуп шайланган.
1956-жылы КПСС БКнын алдындагы партиялык жогорку мектепти сырттан окуп бүтүргөн.
1952-жылы Токмок шаардык партия комитетинин 2-катчысы,
1953-жылы Покровка райондук партия комитетинин 1-катчысы,
1955-жылы Фрунзе облустук партия комитетинин пропаганда жана агитация боюнча катчысы, 2-катчысы,
1953-жылы Кемин райондук партия комитетинин 1-катчысы болуп шайланат.
1962–1972-жж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде Советтик органдар боюнча бөлүмдүн башчысы,
1972-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Кыргыз ССРинин Маданият Министринин орунбасары болуп иштеп келген.

Анын алгачкы «Билим» аттуу ыры 1939-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине басылып, ырлары республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. Ү.Жумабаев 1973-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
«Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалы, «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин отуз жылдыгы» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Кыргыз ССРинин КП БКсына мүчө, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин VII чакырылышына депутат болуп шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ырлap. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 103 б.

Өлбөс адам.– Ф,: Мектеп., 1965. – 83 б.

Атанын өкүмү.– Ф.: Кыргызстан, 1967. – 114 б.

Кыл-кыяк.– Ф.: Мектеп, 1968. – 43 б.

Махаббат күүлөрү.– Ф.: Кыргызстан, 1970. – 104 б.

Өчпөс жылдыздар.– Ф.: Кыргызстан, 1973. – 116 6.

Алтын казык: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1976. – 108 б.

Ырлар жана поэмалар.– Ф.: Кыргызстан, 1978. – 235 б.

Махаббат күүлөрү: Ырлар, поэма.– Ф.: Кыргызстан, 1983. – 128 б.