Четин Жумагулов

Жумагулов, Четин‎»‎ барагынан багытталды)

Четин Жумагулов (30. 3. 1937-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району Четинди айылы) тилчи-түрколог, филология илимдеринин кандидаты (1969), КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1998), КРдин илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2006). Түркиянын лингвистика. коомунун ардактуу мүчөсү (2000).

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1960). Кыргыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер (1960-62), Кыргызстан ЛКСМ БКнын агитация жана пропаганда бөлүмүндө инструктор (1962-64), Кыргыз ССР ИАнын аспиранты (1964-67), Кыргыз Совет энциклопедиясынын Башкы редакциясында улук илимий редактор, редакция башчысы, жооптуу секретарь (1968-72), Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы (197290), Тарых институнун алдындагы Терминология бөлүмүнүн башчысы (1990-94), Лексикология жана лексикография бөлүмүнүн жетектөөчү илимий кызматкери (1995), КР УИАнын Манас таануу жаа көркөм маданияттын улуттук борборунун бөлүм башчысы (1995-2003), 2003-жылдан Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакторунун орун басары.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Илимий ишинин негизги багыты Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө жана кыргыз терминологиясынын, түркология илиминин көп кырдуу маселелери. Жумагулов Кыргызстандын аймагындагы эски доорлордон калган жазуу эстеликтерин (рун, уйгур, несториан, араб, тибет, калмак жана башка) изилдеп, жарыялап, илимий чөйрөгө алып чыккан бир катар жаңы эстеликтерди ачкан. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында кыргыздын тарыхый адамдарына (Жантай, Өзбек, Шабдан, Муратаалы баатыр жана башка) коюлган эстеликтердеги жазууларды биринчилерден болуп окуп, которуп жарыялаган.

Эмгектери түзөтүү

Профессор Четин Жумагулов 300дөй илимий эмгектердин автору. Эмгектери чет тилдерге да которулган. Орус, казак тилинен бир нече көркөм чыгармаларды кыргызчага которгон.

Кыскача тизме түзөтүү

  • Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии. Вып. 1. Ф., 1963; Вып. 2. Ф., 1982; Вып. 3. Ф., 1987;
  • Джумагулов Ч. Язык сиро-тюркских (несторианских) памятников Киргизии. Ф., 1971;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандын эпиграфикалык эстеликтери. Ф., 1988;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандын байыркы эстеликтери (жазуулар), мамлекеттик тил (ойлор жана проблемалар). Б., 1998;
  • Джумагулов Ч. Эпиграфические памятники древнего Оша. Б., 1999; Кыргыз терминологиясынын айрым актуалдуу маселелери. Б., 2000;
  • Жумагулов Ч. Кыргызстандагы несториан түрк эстелик жазуулары (XIII-XIV кылымдар).

Колдонулган адабият түзөтүү

Интернетке шилтеме түзөтүү