Жуманазаров Сатымкул (1951-ж. т., Кара-Буура району, Жоон-Дөбө айылы-2007) — спортчу, жөө күлүк, СССР спортунун эл аралык класстагы чебери (1979). СССР спортуна эмгек сиңирген чебер (1981).
1980-ж. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн.
1985—91-жылдары Бишкек шаарындагы «Колхозчу» ыктыярдуу спорт коомунда: «Эмгек резервдери» ыктыярдуу спорт коомунда машыктыргыч, 1992-жылдан Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасындагы спорт комплексинде башкы директор. Жеңил атлетика менен 1968-жылдан машыгат.
1974-ж. «Правда» гезитинин байгесине арналган жеңил атлетикалык кросстун бүткүл союздук финалында 14 км аралыкка чуркоодо 2-орунга чыккан, СССРдин чемпионатында 10 км аралыкка чуркоодо коло жана күмүш медалдарга ээ болгон.
1980-ж. Москва шаарында өткөн 22-Олимпиялык оюндарда 42 км 195 м аралыкты 2 саат 11 мин 16 секундада чуркап өтүп, советтик марафончулардын олимпиялык жарышка катышуу тарыхында 1-жолу 3-орунду ээлеп, коло медалды жеңип алган.
1977—80-ж. СССР чемпионаттарында кумүш медалдарды алган. Япония, Германия, Греция, Финляндияда өткөрүлгөн марафондук чуркоолордо да жеңиштерге жетишкен. Медалдар менен сыйланган.

Жуманазаров Сатымкул

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Айрым шилтемелер түзөтүү

Сатымкулдай күлүк чыгар бекен?
Бишкекте Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлыктар тапшырылды(жеткиликсиз шилтеме)
ДАҢАЗАЛУУ ЖӨӨ КҮЛҮК САТЫМКУЛ ЖУМАНАЗАРОВ КАЗА БОЛДУ