Өмүр жолу түзөтүү

Жунус Борсунбаев Жунус Нарын өрөөнүндөгү Миң-Булак айылында төрөлгөн. Эс тарткандан баштап агасы Мамбеттин жардамы менен эски окуудан окуп, кат тааныйт. 1920-жылы Нарында жаңы бийликке каршы көтөрүлүш чыгат. Бул көтөрүлүштү басууга катышат. Кыргызстандын бардык аймагында совет бийлигин орнотууга жана чыңдоого үзүрлүү салымын кошот. 1921-жылдын башында комсомолго, аягында компартиям отот. Нарындагы Революциялык комитеттин торагасынын орун басары болуп иштейт. 1921-жылы Верныйда (Алма-Атада) Түркстан АССРинин казак жана кара кыргыз кедейлеринин крайлык 1-сьездине делегат болуп, андан кийин Ташкендеги Орто Азия боюнча съездге ка¬тышат. Мезгил талабына ылайык ошол кезде партия менен окмот тапшырган кызматтарда иштеген. Алып айтсак, Нарын кантонунун жер бөлүмүнүн башчысы, Нарын уездинин эмгек бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет. 1925-жылы Ташкенттеги Эл сотунун 6 айлык курсун бүтүрөт. Ошондон кийин 4 жыл Нарын областынын Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорунда сот болуп иштеген. Кыргыз Республикасындагы тунгуч соттордун бири, кыргыз юридикасын негиздөөчүлөрдөн болгон. Нарын дарыясы кирип турган маалда аркы өйүзүндө туруп, берки өйүздөгү жооптолчу кишиге өкүм чыгаргандыгы менен кыргыз сотунун тары-хында калган. 1928-жылдан 1930-жылга чейин Ат-Башы волком ВКП (б)нын катчысы болуп иштеген. 1935-1937-жылдары Казарман сельсоветинин төрагасы, 1937-жылы Тогуз-Торо району уюшулганда райондук аткаруу комитетинин торагасы болгон. 1937-жылдын аягында союз боюнча ошол мезгилде жүрүп жаткан репрессияга кабылып, 1940-жылга чейин Архангельск шаарынын түрмөлөрүндө болгон. 1940-жылы акталып кайра оз жерине келип Тогуз-Торо районунун 1-Май колхозунун башкармасынын төрагасы болуп шайланган. Андан кийин Нарын районунун Куйбышев атындагы колхозунда, ардактуу эс алууга чыкканга чейин топоз фермасында биртоп башкарып турду. Ал Совет бийлигин чыңдоого белсемдүү катышкан.
1954-жылы Турсун Борсунбаева менен үй-бүлө куруп, сүйүктүү эки уул, эки кыздын атасы, ал уулу кыздарда ата наркын, эне адебин сактаган инсандардан.

Сыйлыктары түзөтүү

Эмгектери окмот тарабынан жогору бааланып "Эмгек Кызыл Туу", "Ардак белгиси" ордендери, бир нече медалдар жана Кыргыз Республикасынын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Инсандар таржымалы Бишкек-2007ж.