Журналистика
Журналистика (фр. journalisme, нем. journalistik) — маанилүү жаңылыктарды басма сөз, телерадио, маалымат агентчилиги, басма сөз борбору, кино, интернет жана башка массалык байланыш каражаттары аркылуу өз убагында элге жеткирүүчү адабий-публицистикалык ишмердүүлүк; массалык пропаганда жана агитация жүргүзүүнүн бир формасы. Журналистикада коомдун социалдык-саясий, экономикалык, маданий жактан өнүгүшү, андагы негизги багыттар жана көрүнүштөр жөнүндө түшүнүк берилет, элдин коомдук ой-пикирин, көз караштарын калыптандырууга көмөктөшөт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/e/e5/CBC_journalists_in_Montreal.jpg/220px-CBC_journalists_in_Montreal.jpg)
Дагы караңыз
түзөтүүКолдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5