Жусупов Эшенкул (1915-жылы азыркы Ленин району, Кыла кыштагында.)— колхоз өндүрүшүнүн ишмери Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957)[1]. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1937- жылдан колхоздо иштөөдөн баштаган. 1945-61-жылы Ленин районундагы Калинин атындагы («Хиля») колхоздун председатели. Ал башкарган колхоз 1955—56-жылдары пахта аянтынын ар гектарынан 30,3—33,3 ц.ден түшүм жыйнап алып, мамлекетке сүт, эт, жумуртка жана башка айыл чарба продуктуларын тапшыруу боюнча пландарын ашыгы менен аткарган. 1955—59-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары түзөтүү

Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош тарыхы энциклопедия" Фрунзе 1989-ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 15 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.