Жуукучу минералдык суусу

Жуукучу минералдык суусуЫсык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы дарылык касиети бар минералдуу суу булактары.

Пржевальск 47 км түштүк-батыш тарапта. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жууку суусунун оң куймасындагы Жуукучактын боюнда, деңиз деңгээлинен 2030 м бийиктикте.

1950-62-жж. геол. изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Суу палезойдо жиреп чыккан гранат интрузиясындагы тектон. жаракадан булак түрүндө чыгат. Бургоолодон да (260 м тереңдиктен) жылуу суу чыгарылган.

Булактын дебити 0,4 л\ сек (урголоо көзөнөгүнүкү 2,35 л\сек). Хим. составы, физикалык касиети боюнча радондуу, хролит-сульфат-кальций-натирийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 31-34оС. Жалпы минералданышы 0,3 г\л составында иод, бром, СО2, темир, фтор бар.

Газдын составы боюнча суу азоттуу. Биалогиалык активдүү компанент – радон, күкүртүү сутек, кремний кислотасы. Минералдуу суу муун, жарат, нерв ооруларына шыбаа берет.