Жыл - Жердин Күндү бир жолу толук айланып чыккан мезгилине кеткен убакыт (365 сутка 6 саат). Календарь жылы жөнөкөй жыл үчүн 365 сутка жана узак жыл үчүн 366 суткага созулат. Жылдын узактыгын аныктоо байыртан эле илимий маселелерден болуп, астрологиялык кубулуштардын кайталанышына байкоо жүргүзүү иш жүзүндө маанилүү болгон. Жылдын тагыраак мааниси байыркы Кытай менен Египетте белгилүү эле. Биздин заманга чейин 2кылымда Гиппарх жыл «3651/4-1/300 күнгө» барабардыгын аныктаган. Бул сан жылдын азыркы маанисинен 61/2 минга гана айырмаланат. Жер Күндүн айланасында татаал кыймылда болгондугуна жараша жыл төмөнкүчө бөлүнөт: 1) жылдыздык (сидерикалык) жыл Күндөн жылдыздарга салыштырмалуу асман сферасы боюнча бир Жылдык айлануу жолун камтыган убакыт өлчөмү (365, 2564 Күн суткасы); 2) тропиктик жыл Күндүн жазгы күн теңелүү чекитинен баштап, кайра бир толук айланууга кеткен мезгилди камтыган убакыт өлчөмү (365, 2422); 3) аномалистикалык жыл Күндөн перигелий чекити боюнча бир толук айланууга кеткен мезгилди камтыган убакыт өлчөмү (365, 2596); ажыдаар Жылы Күндүн тийиштүү убакыт өлчөмү өткөндөн кийин Ай орбитасынын түйүнүнө кайткан мезгилди камтыган жыл (346, 62); Юлий Жылы мурдакы стилдеги календарь жылы (365, 25); Григорий жылы азыркы мезгилдеги жыл эсеби (365, 2425); ай жыл 12 Ай айларына тете келген календарь жылы (354, 367).

Колдонулган адабияттар түзөтүү