Жылаңач тоосу - Ички Теңир-Тоодо. Жетимбел менен Капкаташ тоолорунун аралыгында. Чыгышындагы Айкөл ашуусунан (3565 м) Кичи Нарын өрөөнүнө чейин 30 кмге созулат. Туурасы 5 км, Орточо бийиктиги 3500 м, эң бийик жери 3966 м (тоошар). Балгарт ойдуңу менен Жылаңач өрөөнүнүн ортосунда жаткан горст-антиклиналь. Төртүнчүлүк мезгилден көтөрүлгөн. Өрөөндөрдөн салыштырмалуу бийиктиги 400–500 м. Арчалы капчыгайы жана Жылаңач өрөөнүнүн түштүк капталы аскалуу, тик.

Аскалардын этегинде талкаланган тектердин, шагылдардын шилендилери конус түрүндө жатат. Капталдары асимметриялуу түзүлүштө. Суу бөлгүчүндө байыркы түздүктөрдүн калдыктары (3100–3700 м бийиктикте) сакталган. Негизинен үстүнкү протерозойдун интрузия тектеринен түзүлгөн. Мөңгү жок. түндүк бетине субальп (3300–3600 м), альп шалбаасы (3600–3900 м), түштүк бетине тоо талаасы жана субальп шалбаалуу талаа (3400–3900 м) ландшафт алкактары мүнөздүү. түштүк капталы каксоо. Жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү