Жылаңач өрөөнү — Ички Тянь-Шень да. Уз. 28 км, туурусу 1 кмге чейин. Өрөөн Жылаңач тоосунун түштүк жана Жетим тоосунун түндүк капталдары менен өткөн тектон жаракалар боюнча пелеозой тектеринин төмөн ийилишинен пайда болгон магасинклиналь.

Таманынын деңиз бийиктиги 2624-3600 м, ккурчап жаткан Жылаңач тоосунун салыштырмалуу бийиктиги 300-700 м, Жетим кырка тоосунун бийиктиги 1000-1300 м. Тоо капталдарнда ттүздүктөрдүн калдыктары кездешет; алар неогендин чополору менен капталган. Байыркы муз каптоодон түндук капталында тепши сымал өрөөң түзүлүп, Жылаңач өрөөнүн 8-10 кмге чейин муз каптап жаткан. Сүрүлүп келген мөңгү таштардын калдыктары өрөөндүн таманында жана анын сол капталында дөбө-чункурлуу релефти түзөт. Өрөөндүн түндүк капталы жарака менен тик көтөрүлгөндүктөн, тик жана аскалуу , этеги шагыл кумдуу. Таманында тектирлер кездешет. Төмөн бөлүгү куушурулуп терең аскалуу капчыгайга өтөт. Өрөөн аркылуу Кичи-Нарындын сол куймасы Жылаңач суусу агат.

Климатты кескин континеттүү. Жайкы жайыт.