Жылгынды заказниги
Жылгынды заказниги – Ноокен районун аймагындагы токой заказниги. Мистелүү аймакты коргоо максатында 1975-жылы уюшулган. Аянты 300 га, анын 206 гектарын сейрек мисте токою ээлейт. Чөп өсүмдүктөрдөн эфемерлер басымдуу.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5